“Элдик парламент” оппозициялык кыймылынын камактагы мүчөлөрүнүн туугандары бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун алдына митингге чыгышты. Бүгүн аталган топтун камалган мүчөлөрүнүн соту жабык өтүүдө. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна камактагылардын бири Бекболот Талгарбековдун уулу Арстан Талгарбеков билдирди.
Акцияга 50дөн ашуун адам катышууда. Алар сот отурумун ачык өткөрүүнү жана адилетүү чечим кабыл алууну талап кылып жатышат.
“Элдик парламенттин” мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султановду быйыл 12-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы камакка алган. Кийинчерек ушул эле козголгон кылмыш иштин алкагында Александр Гусев жана Тойгонбек Калматов кармалган. Аларга “бийликти күч менен басып алуу” боюнча айып коюлган.
Андан мурдараак “Элдик парламент” кыймылынын мүчөлөрү президент Алмазбек Атамбаевдин кызматтан кетишин талап кылып, ири митинг өткөрүшөрүн, аны орусиялык генералдар колдошорун маалымдашкан. (SE)