Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Бразилияда дүйнөлүк паралимпиада ачылууда


Бразилияда бүгүн дүйнөлүк паралимпиада башталууда. Салтанаттуу ачылыш Риодогу белгилүү Маракана стадионунда өтөт.

11 күн бою 161 өлкөдөн келген 4 миңден ашуун майып спортчу күч сынашат.

Паралимпиаданын тарыхында быйыл биринчи жолу оюндар Орусиясыз өтөт. Себеби Эл аралык паралимпиада комитети допинг чырына байланыштуу орус командасын катыштырбоону чечкен.

Серепчилер быйылкы олимпиадада ирандык пауэрлифтер Сиаманд Рахман 300 килограммды көтөрүүгө, британиялык спортчу Дэвид майыптар арабасы менен жарышка чыгып, биринчи келүүгө жана кытайлык азиз спринтер Лю Чуйчинг алдыңкы орунду ээлөөгө белсенип жатышканын айтууда.

Оюндарга Кыргызстандан үч спортчу катышат. Алар - пауэрлифтинг боюнча Эсен Калиев, Жыргалбек Орозбаев жана жеңил атлетикадан Арстанбек Базаркулов. 54 килограммга чейинки салмактагылар арасында Эсен Калиев 10-сентябрда, 107 килограммга чейинкилерден Орозбаев 15-сентябрда, жеңил атлетчи Базаркулов 12-сентябрда күч сынашат. (RK)

XS
SM
MD
LG