Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Кыргызстандык ардагер чекисттер Өзбекстандын атайын кызматына кайрылышты


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ардагерлери Үңкүр-Тоо маселесинен жаралган кырдаал боюнча Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын башчысына жана коңшу өлкөнүн ардагер чекисттерине кайрылуу жолдошту. 7-сентябрда жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу айтылган кайрылууда өзбек күч органдары кармап кеткен төрт кыргызстандык жаранды аман-эсен мекенине кайтаруу маселеси көтөрүлгөн. Бул тууралуу УКМК төрагасынын мурдагы орунбасары, генерал-майор Марат Иманкулов “Азаттык” радиосуна буларды билдирди:

-Аларга биздин кайрылуу жетиши мүмкүн. Элчилиги бар, угуп жатышкандыр. Эгер өзбекстандыктар сүйлөшүүгө макулдук берип, чакырышса, биз барабыз. Антпесе, эл арасында маселени радикал жол менен чечүү чакырыктары болуп жатат. Кагылышуу кыргыз тарапка да, өзбек тарапка да керек эмес.

Өзбекстанга кайрылган ардагер чекисттердин катарында Марат Иманкуловдон тышкары, Нуркул Сулайманов жана Игорь Итибаев бар.

Үңкүр-Тоого Өзбекстан 22-августта күч кызматкерлерин алып кирген. Ал жердеги телемунарада иштеген төрт кызматкерди кармап кетишкен. Андан бери алар Наманган облусунун Жаңы-Коргон райондук милициясында камакта. Коңшу өлкө муну “алар Өзбекстандын аймагында мыйзамсыз жүргөнү үчүн кармалышты” деп түшүндүргөн. Үнкүр-Тоодогу өзбек тартип сакчылары чыгып кетише элек.

Президент Алмазбек Атамбаев маселени тынчтык жол менен чечүүнү тийиштүү органдарга тапшырган. (SE)

XS
SM
MD
LG