Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:45

Жалал-Абадда көп сандагы мал уурдаган топ кармалды


Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон жана Сузак райондорунун аймагынан быйыл август жана сентябрь айларында 10 баш бодо мал жана 1 жылкы уурдаган кылмыштуу топ колго түштү. Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, малын уурдаткан жарандар жалпысынан 400 миң сомго жакын зыянга учурашкан.

Кармалгандар Ноокен жана Сузак районунун 20-24 жаштагы тургундары. Алар мурда соттолгону белгилүү болду. Келтирилген материалдык зыяндар төлөнүп жана уурдалган малдар ээлерине кайтарылды. (RsK)

 

XS
SM
MD
LG