Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:37

Жапония АСЕАНды коопсуздукка көңүл бурууга чакырды


Синдзо Абэ
Синдзо Абэ

Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн биримдигин (АСЕАН) коопсуздук жаатында, өзгөчө Түндүк Кореядан келчү коркунучтарга каршы бирге турууга чакырды.

Түндүк Корея 5-сентябрда өзүнүн чыгыш жээгинен баллистикалык үч ракета атканы кабарланган.

АСЕАНдын Лаостогу азыркы саммитинин күн тартибине негизинен коопсуздук маселелери коюлду.

Түндүк Кореядан тышкары Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жана Түштүк Кытай деңизиндеги абалдын чыңалышы да талкууланат.

АСЕАН уюмуна Түштүк-Чыгыш Азиянын Индонезия, Сингапур, Малайзия, Филиппин баштаган он өлкөсү кирет.

XS
SM
MD
LG