Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:54

Еврошаркет Орусияга каршы санкциялардын мөөнөтүн узартты


Еврошаркет Орусияга каршы санкцияларын дагы жарым жылга узартты. Чечим бүгүн Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн туруктуу өкүлдөрүнүн жыйынында кабыл алынганын Reuters агенттиги кабарлады.

Орусия Крымды 2014-жылы аннексиялап алгандан кийин ага карата санкциялар башталып, учурда тизмеде 150 адам жана ондогон уюм-мекеме бар. Аларга Еврошаркет аймагына кирүүгө тыюу салынган, европалык банктардагы активдери токтотулган.

Кремль Крымдын аннексиясын мыйзамдуу деп эсептейт. Санкцияларга жооп кылып орус бийлиги Европада өндүрүлгөн товарларды өлкөгө ташып кирүүгө тыюу салган. (RK)

XS
SM
MD
LG