Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Сирия оппозициясы келишим планын жарыялады


Сириядагы согуш беш жылдан бери токтобой келатат
Сириядагы согуш беш жылдан бери токтобой келатат

Сирия оппозициясы "саясий өткөөл мезгил" боюнча планын жарыялады. Бүгүн Лондондо Сүйлөшүүлөрдүн жогорку комитети деген уюм жарыялаган планда оппозиция менен өкмөт өкүлдөрүнүн алты айлык сүйлөшүүсү сунушталууда. Андан кийин президент Башар Асад бийликти улуттук биримдик өкмөтүнө өткөрүп берери, ал өкмөт 18 айлык башкаруудан кийин жаңы шайлоо уюштурары айтылды.

Лондондогу жыйынга сириялык оппозициянын саясий жана куралчан топторунун өкүлдөрү катышты.

Сирияда беш жылдан бери басылбай келаткан жарандык согуш 250 миңдей адамдын өмүрүн алды. Президент Башар Асад отставкага кетүүдөн баш тартып келатат.

Бул өлкөдөгү кан төгүүнү токтотуу боюнча эл аралык пландар буга чейин да түрдүу форматта сунушталып келген, бирок натыйжа бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG