Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:24

Бишкек-Дүйшөмбү аба каттамы аргасыздан кайра конду


Бишкектен Дүйшөмбү шаарына багыт алган учак 7-сентябрда Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынан артка кайтып, “Манас” эл аралык аэропортуна конууга мажбур болду. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз катчысы Алия Курбанова “Азаттык” радисуна ырастады. Маалыматка караганда, авариялык түрдө конгон учак “Тажик-Эйр” компаниясына таандык. Аталган компания учактын абалы жана чукул конууга эмне себептиги тууралуу маалымат бере элек. Лайнер аба майдандан Сокулук районуна чейинки багытта бир нече жолу айланып учканы кабарланууда. Жүргүнчүлөрдү 5 сааттан кийин Тажикстанга башка учак алып кеткен. (NT)

XS
SM
MD
LG