Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Орусиянын бийликчил партиясы "плагиаттык" кылганы белгилүү болду


Швед сүрөтчүсү Нильс-Петтер Эквалл бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» партиясын шайлоо алдындагы үгүт иштеринде анын иллюстрациясын уруксатсыз колдонуп жатат деп айыптады. Бул тууралуу Behance сайты жазып чыкты.

Партиянын расмий өкүлү Роман Зорин сүрөттүн шайлоо алдындагы үгүт иштеринде Нижний Новгороддо пайдаланылганын швед журналисттерине ырастады. Сүрөтчүдөн кечирим сурап, компенсация төлөп берүүгө даяр экенин билдирди.

Сүрөтчү болсо акча өзү үчүн андай маанилүү эместигин, Орусия сыяктуу өлкөнүн анын эмгегин уруксатсыз пайдаланганына нааразы экенин айтууда.

XS
SM
MD
LG