Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Кыргызстанда Курман айт намазын окуу мөөнөтү жарыяланды


Аянттагы айт намаз.
Аянттагы айт намаз.

Кыргызстанда Курман айт намазы эртең мененки саат 6:45те башталып, 8:30га чейин уланат. Бишкектеги намаз Эски аянтта окуларын мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Буга байланыштуу Чүй, Тыныстанов, Панфилов жана Фрунзе көчөлөрүндөгү каттамдарга чектөө киргизилет. Коомдук тартипке Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана милициянын өкүлдөрү көзөмөл салышат.

Ошондой эле облус борборлорундагы негизги аянттарда, шаар-кыштактардагы мечиттерде майрамдык намаз окулат. (SE)

XS
SM
MD
LG