Бүгүн Ысык-Көлдө Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аяктап жатат. Дүйнөнүн 62 мамлекетинен келген миңден ашуун спортчу катышкан иш-чараны жыйынтыктоочу маалымат жыйынында президенттик аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди.
Буга чейин адистер арасында Көчмөндөр оюндарын кезектеги айлампасын өткөрүүнү башка мамлекетке ыйгаруу маселеси көтөрүлүп жаткан эле.
Көчмөндөрдүн быйылкы спорт таймаштары 3-сентябрда башталып, алты күн уланды. Медалдардын эсеби боюнча алдыңкы катарда Кыргызстан келатат. Экинчи-үчүнчү орундарда Орусия менен Казакстан. Акыркы жыйынтыктар кечинде аныкталат. Беттештер спорттун 23 түрүнөн болду.
Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014-жылы Кыргызстанда өткөн.