Бүгүн Ташкентте өзбек парламентинин кош палатасынын биргелешкен жыйыны өттү.
Анын соңунда премьер-министр Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын утурумдук президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат агенттиктери кабарлоодо.
Өзбекстандын Конституциясына ылайык, эгер президент каза тапса же кызмат милдетин аткара албай калса, анын бийлик укугу үч айлык мөөнөт менен премьер-министрге эмес, парламенттин жогорку палатасы - Сенаттын төрагасына өтүшү керек болчу.
Сенат төрагасы кызматын 2015-жылдан бери Нигматулла Юлдашев ээлейт.
Орусиялык "Интерфакс" агенттигинин өзбек парламентинин басма сөз кызматына шилтеме берип жазганына караганда, Юлдашев президент милдетин аткаруудан "өзү баш тарткан".
Премьер-министрдин кызматын 2003-жылдан бери аркалап келген Шавкат Мирзиёев 58 жашта, өкмөт башчылыкка чейин Самарканд жана Жизак облустарын жетектеген.
Өткөн аптада ал президент Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу боюнча өкмөттүк комиссиянын башында турган болчу. Байкоочулар аны дароо эле президент Каримовдун ордун басуучу адам катары аташкан.
Өзбекстанды 27 жыл башкарган президент Ислам Каримов дүйнөдөн өткөнү 2-сентябрдын кечинде расмий жарыяланган. Ал 3-сентябрда Самаркандда жерге берилген. (UE)