8-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда чет элдик жана жергиликтүү ырчы-чоорчулардын катышуусунда чоң программадагы концерт өтүп, Көчмөндөр оюндары расмий аяктады. Аны премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жапты. 3-сентябрда башталган оюндарга 62 мамлекеттен келген спортчулар катышты. Алар улуттук спорттун 20дан ашык түрү боюнча күч сынашты.
Жалпы командалык жыйынтык боюнча 27 алтын, 25 күмүш жана 29 коло медаль алган Кыргызстан биринчи орунду ээледи. Андан кийинки катарды 15 алтын, 3 күмүш, 6 коло менен Түркмөнстан алды. 12 алтын, 13 күмүш, 13 коло медалга жетишкен Казакстанга үчүнчү, 12 алтын, 5 күмүш жана 10 коло медалга ээ болгон Орусияга төртүнчү орун тийди. (NT)