Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:26

Үңкүр-Тоодон өзбек аскерлери чыга элек


Үңкүр-Тоо.
Үңкүр-Тоо.

Аксыдагы Үңкүр-Тоодо жайгашкан телемунаранын төрт кызматкерин Өзбекстан 8-сентябрдын түнү бошотту. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, алар Ала-Бука районунда Кыргызстандын укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, үйлөрүнө жеткирилди. Ал эми Үңкүр-Тоодон өзбек аскерлери чыгарыла элек. Бул багытта сүйлөшүүлөр улана турганы кабарланды.

22-августта Үңкүр-Тоодогу телемунарага Өзбекстандын күч кызматкерлери тик учак менен жети милиция кызматкерин калтырган. Ал жерде иштеген кыргызстандык төрт жаранды өз аймагында мыйзамсыз иштеп жүрөт деген жүйө менен кармап кеткен. Алар Наманган облусунун Жаңы-Коргон райондук ички иштер бөлүмүндө кармалган болчу. Өткөн аптада расмий Ташкен Үңкүр-Тоодогу аскерлеринин санын көбөйткөн. Расмий маалымат боюнча, азыр алардын саны 15-20 чамалуу.

Жергиликтүү жашоочулар өзбек аскерлеринин саны 25ке жеткенин айтып келишет. Кыргызстандын чек арачылары да аймакта күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Үңкүр-Тоодо Кыргызстандын радиорелейлик станциясы жайгашкан. Өзбекстан бул аймакты өзүнө таандык деп эсептейт. Бирок кыргыз тарап ал жер тактала электигин айтып келет. Жергиликтүү эл телемунара орун алган аймак Кыргызстанга тиешелүү экенин билдиришип, өзбек күчтөрүн чыгарууну талап кылышууда. (NT)

XS
SM
MD
LG