Франциянын Кыргызстандагы элчиси Стефан Катта “Даңк” медалы менен сыйланды. Ал Кыргызстан менен Франция ортосундагы алака-катышка кошкон үлкөн салымы үчүн бул сыйга татыганын, медалды бүгүн президент Алмазбек Атамбаев тапшырганын мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.
“Даңк” медалы Кыргызстандагы абройлуу мамлекеттик сыйлык. 1996-жылдан тарта берилет. Ал мамлекеттик кызматта, өндүрүштүк, илимий-техникалык, чыгармачылык, тарбиялык, коомдук жана кайрымдуулк иштерде ийгиликке жеткендерге ыйгарылат.
Буга чейин аталган медаль менен кыргызстандыктардан тышкары, бир катар орусиялык коомдук ишмерлер да сыйланышкан.