12-сентябрдан тарта Кыргызстанда аба ырайы кескин начарлап, жаан-чачын мол болот.
10-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12...+17, күндүз +27...+32,
Талас жергесинде түнкүсүн +8...+13, күндүз +26...+31,
Баткен, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +28...+33,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +8...+13, күндүз +20...+25,
Нарын облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +21...+26,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+3, күндүз +5...+10 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз жамгыр жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +15…+17, күндүз +29…+31 градус ысыйт.