Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:45

Жалал-Абадда үч облустан чогулган жаштардын форуму өтүүдө

Форумдан бир көрүнүш
Форумдан бир көрүнүш

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде бүгүн Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан чогулган жаштардын жолугушуусу өтүп жатат. Алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен мамлекеттик башкаруудагы жаштардын ордун, коомдук өзгөрүүлөрдү талкуулашууда.

Төрт жүздөн ашуун адам катышып жаткан иш-чараны облустук Ички иштер башкармалыгы менен Жалал-Абад жаштар коому биргеликте “Мекеним менин Кыргызстан” долбоорунун алкагында уюштурушкан.

Жыйындын дагы бир максаты - облустар арасында жаштардын кызматташуусун бекемдөө болуп саналарын уюштуруучулар кабарлашты. (RsK)

XS
SM
MD
LG