Өзбекстанда мөөнөтсүз президенттик шайлоо 4-декабрга белгиленди. Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялады.
Кечээ өзбек парламентинин чечими менен президенттин милдетин убактылуу аткаруучу болуп премьер-министр Шавкат Мирзиёев дайындалган.
Өзбекстандын Конституциясына ылайык, эгер президент каза тапса же кызмат милдетин аткара албай калса, анын бийлик укугу үч айлык мөөнөт менен премьер-министрге эмес, парламенттин жогорку палатасы - Сенаттын төрагасына өтүшү керек болчу.
Сенат төрагасы кызматын 2015-жылдан бери Нигматилла Юлдашев ээлейт. Айрым маалыматтарга караганда, ал президент милдетин аткаруудан өзү баш тартты.
Өзбекстанды 27 жыл башкарган Ислам Каримов инсульт болуп 2-сентябрда 78 жашында дүйнө салган. (RK)