АКШ президенти Барак Обама Түндүк Кореянын бүгүнкү ядролук сыноосун айыптап, бул өлкөгө карата жаңы санкциялар киргизилиши ыктымал деп убада кылды.
Обама Жапония жана Түштүк Кореянын лидерлери менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн, кошумча кадамдар Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде талкууланарын айтты.
Түндүк Корея өз тарыхындагы бешинчи ядролук бомбаны сыноодон өткөргөнүн жарыялады. Мамлекеттик маалымат каражаттары бүгүн, 9-сентябрда өлкөнүн түндүгүндөгү полигондон ядролук программа тарыхындагы эң ири бомба Пангири деп аталган аймакта тесттен өткөрүлгөнүн расмий кабарлады.
Буга чейинки төрт сыноо да ошол жерде жүргүзүлгөн. Бүгүн ал жерде күчү 5,3 баллга жеткен сейсмикалык активдүүлүк байкалды. (RK)