Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:32

Курман айтка карата коопсуздук чаралары күчөтүлөт


12-сентябрда белгиленчү Курман айтка карата Кыргызстанда коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Айт күнү Бишкекте коомдук коопсуздукту сактоого үч миңден ашык милиция кызматкери тартылат. Ошондой эле эл көп чогулган жерлерде жана стратегиялык мекемелерде коопсуздук чаралары күчөтүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Бишкекте айт намаз окулчу Эски айттын тегерегиндеги бир катар көчөлөргө автоунаалар үчүн чектөөлөр киргизилет.

Ички иштер министрлиги жарандарды бул чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле жасоого жана коопсуздукка көңүл бурууга чакырууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG