Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Президент чек арадагы абал боюнча жыйын өткөрдү


Бүгүн Алмазбек Атамбаев чек ара маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Атамбаев чек ара маселелерин чечүү, чек ара аймактарындагы тургундардын коопсуздугун камсыздоо жана Үңкүр-Тоо тилкесиндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштерден кабар алды.

Президент чек ара маселелерин бир гана сүйлөшүүлөр жолу менен улуттук кызыкчылыктарына ылайык келгендей чечүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле өлкө башчысы Куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын арттыруу зарылдыгына токтолду.

22-августта Үңкүр-Тоодогу телемунарага Өзбекстандын күч кызматкерлери тик учак менен жети милиция кызматкерин калтырган. Өткөн аптада коңшу өлкө аскерлеринин санын көбөйткөн. Расмий маалымат боюнча, азыр ал жерде 15-20 чамалуу жоокер бар. (BkA)

XS
SM
MD
LG