Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:59

АКШ жана Орусия Сирияда ок атууну токтотуу боюнча план жарыялашты


АКШ менен Орусиянын Сириядагы ок атууну токтотуу жана зомбулукту азайтуу боюнча бирдиктүү планы жарыяланды. Бул план Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Женевада сүйлөшкөндөн кийин кабыл алынды. Жон Керри бул планды тараптар аткарса, Сирияда согушту токтотууга “бурулуш жасайт” деген үмүтүн билдирди. Ошондой эле план бул өлкөдөгү террорчулар менен күрөштү күчөтүү жана тынчтык сүйлөшүүгө өбөлгө болушу керек.

“Бүгүн АКШ жана Орусия зомбулукту азайткан, кайгыны жеңилдеткен жана Сириядагы абалды тынчтык жол менен жайгарууга, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жоч ачкан план жарыялады”,-деп билдирди Керри.

Планга ылайык, Сириядагы ок атуу 12-сентябрда - Курман айт күнү токтотулушу керек. Бул план күчүнө кирген соң бир жума ичинде АКШ менен Орусия Сириядагы террорчуларды сокку уруу атайын борбор түзөт.

Женевадагы Жон Керри менен Сергей Лавровду сүйлөшүүсү 12 саатка созулду. Мындан соң да тараптар планды бир нече саатка макулдашты.

XS
SM
MD
LG