Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:17

БУУ Түндүк Кореяны өзөктүк сыноолор үчүн айыптады


Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Па Ги Мун Түндүк Кореяны кезектеги өзөктүк сыноолорду өткөргөнү үчүн айыптады. Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында Пан Ги Мун Пхеньяндын аракеттерин БУУнун резолюциясын орой түрдө бузуу деп атап, эл аралык коомчулук бул маселе боюнча бирдей позицияны карманат деген үмүтүн билдирди. Улуттар уюмунун баш катчысы чыңалууну токтотуу үчүн чараларды көрүүгө чакырды.

БУУнун Коопсуздук кеңешинде чукул жыйын чакырууну Түштүк Корея, Жапония жана АКШ демилгелеп чыккан.

Буга чейин АКШ президенти Барак Обама Түндүк Кореянын ядролук сыноосун айыптап, бул өлкөгө карата жаңы санкциялар киргизилиши ыктымал деп убада кылды. Дал ушундай тынчсыздануусун Кытай жана Жапония билдирип чыкты.

Түндүк Корея өз тарыхындагы бешинчи ядролук бомбаны сыноодон өткөргөнүн жарыялады. Мамлекеттик маалымат каражаттары 9-сентябрда өлкөнүн түндүгүндөгү полигондон ядролук программа тарыхындагы эң ири бомба Пангири деп аталган аймакта тесттен өткөрүлгөнүн расмий кабарлады.

Түндүк Корея атом бомбасын сынады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:06 0:00

XS
SM
MD
LG