Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Жалал-Абадда Чаткалдагы аскердик операция эскерилди


Шаардагы Улуттук гвардиянын 704-аскер бөлүгүндө 2000-жылдагы Чаткал окуясы эскерилди. Аны менен катар Улуттук гвардиянын түзүлгөнүнүн 24 жылдыгы да уюштурулууда. Иш-чара жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп, 16 жыл мурун согушкерлер менен тирешүүдө эрдик көрсөткөндөргө Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мындан сырткары аскердик күжүрмөн даярдык ыкмалары көрсөтүлдү.

2000-жылдын 11-сентябрында Чаткалдын Ак-Таш айылына жети куралчан согушкер бастырып кирген. 704-аскер бөлүктүн аскерлери аларды тоодо жашынып жаткан жеринде жок кылган. Аскердик бөлүк Жалал-Абадда 1992-жылы негизделген. (RsK)

XS
SM
MD
LG