Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

“Кыргызмунайгаз” быйыл 62 миң тонна мунай өндүрдү


Бул тууралуу мунайчылардын кесиптик майрамына карата өткөн иш-чарада айтылды.

Бүгүн Кочкор-Ата шаарындагы борбордук стадиондо “Кыргызмунайгаз” ишканасы Мунайчылардын күнүн белгилөөдө. Иш-чарага бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышууда.

Мекеме жетекчиси Жеңиш Жумашов быйыл 8 ай ичинде 62 миң тоннадан ашык мунай өндүрүп, ишкана 247 млн. сом таза киреше алганын ырастады. Мындан сырткары жылына 30 млн куб метр газ өндүрөт. Ишкана мамлекетке былтыркы жылы 726 млн сомдук салык төккөн.

"Кыргызмунай" уюму алгачкы жолу 1952-жылы түзүлгөн. Андан соң 1997-жылы өкмөттүн токтому менен “Кыргызмунайгаз” ишканасы катары уюшулган. Бүгүнкү күндө Майлуу-Суу лампа заводун, Кочкор-Ата жана Жалал-Абад шаарларынын тургундарын көгүлтүр от менен камсыз кылат.(RsK)

XS
SM
MD
LG