Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:58

АКШдагы эң ири террордук чабуулдарга 15 жыл толду


Терак курмандыктарын эскерүү. 2011-жыл
Терак курмандыктарын эскерүү. 2011-жыл

Бүгүн АКШдагы эң ири террордук чабуулдарга 15 жыл толду. 2001-жылдын 11-сентябрында жанкечти террорчулар төрт жарандык учак менен Нью-Йоркто жана Вашингтондо чабуулдарды жасашкан. Алардын ичинен эки учак Нью-Йорктогу Бүткүл дүйнөлүк cоода борборунун кош имаратын, үчүнчү учак Вашингтондогу Пентагондун имаратын сүзүп, ал эми төртүнчү учак болсо Пенсильванияга кулаган. Бул чабуулдардан үч миңден ашык адам каза болгон. Чабуулдар үчүн жоопкерчилик “Аль-Каида” террорчул тобуна жүктөлгөн.

Бул окуядан соң терроризм менен күрөшүү эл аралык саясаттын негизги маселелерине айланган. Көптөгөн өлкөлөр террорчулук менен күрөшүү жана коопсуздук жаатындагы чараларды күчөткөн. АКШ болсо Ооганстанда террорчуларга каршы операцияларды баштаган.

XS
SM
MD
LG