Мындай сунушту камтыган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлду. Аны депутат Дастан Бекешов иштеп чыккан. Мыйзам долбооруна ылайык, атайын даярдалган жерлерден тышкары, атап айтканда, коомдук тамактануу жайларында, кафе-ресторандарда жана маданий мекемелерлерде чылым менен катар калян чегүүгө тыюу салуу каралууда. Ошондой эле тамекинин баасын аныктоо укугун өкмөткө берүү менен анын наркын көтөрүү сунушталууда. Экономика министрлиги даярдаган долбоорго ылайык, чылымдын бир кутусунун эң арзан баасын 40 сом деп белгилөө каралган.
Дастан Бекешовдун айтымында, мындай жол менен жарандардын саламаттыгына коркунуч туудурган заттарды колдонууну азайтууга болот.
Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргызстанда тамеки тарткандардын саны жыл санап өсүп жатканын маалымдаган. Алардын соңку изилдөөсүнө ылайык, өлкөдө эркектердин 35% ашыгы, аялдардын 3,3%, өспүрүм балдардын 6,8 жана кыздардын 2,8 % тамеки тартат.
Ал эми М-Vector консалтинг компаниясы мектеп окуучулары арасында сурамжылоо жүргүзүп, өспүрүмдөрдүн 20% тамеки тартышарын аныктаган.(BkA)