Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Сирия бийликтери тынчтык келишимин колдоду


Сирия
Сирия

Сириянын өкмөтү АКШ менен Орусия сунуштаган тынчтык планын колдоду. Бул тууралуу Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары жазып чыкты. Өкмөттүк САНА агенттигинин жазышынча, өлкө бийликтери сүйлөшүү жыйынтыгы менен таанышты жана Алеппонун айланасында согуштук аракеттерди басаңдатууга макул болду. Ал эми оппозициялык комитеттин өкүлдөрү болсо макулдашуунун толук текстти менен таанышкандан кийин өз пикирин билдирерин кабарлаган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Женевада өткөн сүйлөшүүдөн соң жума күнү Сирияда ок атууну токтотуу боюнча тынчтык келишимине жетишилгенин кабарлаган. Ага ылайык, бул өлкөдө ок атууну Курман айт күнү - 12-сентябрдан тарта токтотуу каралган.

XS
SM
MD
LG