Аны Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министрлиги менен Биринчи балдар хосписи кайрымдуулук фонду биргелешип ачууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Биринчи балдар хосписи кайрымдуулук фондунун өкүлү Динара Аляева билдирди. 21-сентябрда расмий ачыла турган кабинетте иштеген кызматкерлерге Москвадан келген атайын адистер паллиативдик жардам берүү боюнча сабак өтүшөт.
Кыргызстанда катуу оорулуу балдардын биринчи хосписи 2014-жылдын аягында ачылган. Ал айыккыс рак жана кан ооруга чалдыккан бир нече наристеге көмөк көрсөтүп келет.
Паллиативдик жардам берүү деп айыккыс дартка чалдыккан адамдардын, алардын үй-бүлөлөрүнүн оорусун, түйшүгүн жеңилдетүүгө багытталган программа аталат. (BCh)