Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:59

Айт намаз учурунда мечитке кирип-чыккандар текшерилди


Бишкекте бүгүн Курман айтка байланыштуу майрамдык намаз учурунда мечиттерде коопсуздук чаралары күчөтүлдү. "Азаттык" радиосунун кабарчылары шаардын бир катар мечиттеринде текшерүү катуу болгонун билдиришти. Маселен, Жал кичи районунда жайгашкан чоң мечиттин алдында УКМКнын ондон ашуун кызматкери кирип-чыккандарды атайын жабдык менен кылдат текшерип турушту.

Бүгүн – 12-сентябрда мусулмандар Курман айт майрамын белгилеп жатышат. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Бишкектеги айт намазында коопсуздукту көзөмөлдөөгө 3 миң милиция кызматкери тартылды. (NT)

XS
SM
MD
LG