Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:51

Кыргызстанда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн аскердик машыгуусу өтөт


Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн “Тынчтык миссиясы-2016” аскердик машыгуулары өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 15-сентябрда баштала турган машыгууларга Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Орусия жана Тажикстандын аскерлери катышат. Анын жүрүшүндө террорчулукка каршы көнүүгүлөрдү биргеликте аткарышат. Ошондой эле тоо шартында антитеррордук операциялар боюнча машыгуулар өтөт.

Башкы штабдан машыгууга катышчу өлкөлөрдөн аскердик техникалар келип жатканын кабарлашты. Машыгуулар 21-сентябрга чейин уланат.

Шанхай кызматташык уюму 2001-жылы түзүлгөн. Уюмга Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. (BkA)

XS
SM
MD
LG