Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:31

Парламентте Улуттук университеттеги чыр каралат


Улуттук университет
Улуттук университет

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетиндеги чыр Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинде каралат. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтында кабарланды. Андагы маалыматка ылайык, Улуттук университеттик чырды иликтеген депутаттык комиссия маалыматын берет.

Буга чейин Кыргыз Улуттук университетинин айрым окутуучулары нааразылык акциясына чыгышкан. Алар окуу жайдагы мугалимдерди тандоо боюнча сынак адилетсиз өтүп, жетекчиликке жакпаган мугалимдер атайылап кулатылганын билдиришкен. Бул боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия абалды иликтеп, 13-сентябрда комитетке өз корутундусун алып чыгат.

Жогорку Кеңештеги ишенимдүү булактардын кабарлашынча, комитетте университеттин ректору Чынара Адамкулованын жоопкерчилигин кароо маселесин өкмөткө сунуштары күтүлүүдө.

Буга чейин Адамкулова университеттеги атайын сынактан өтпөй калган окутуучулардын дооматы негизсиз экенин билдирип келген. (BkA)

XS
SM
MD
LG