Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Жыйынга катышпаган депутаттардын жоопкерчилиги каралат


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеште жыйындарга себепсиз катышпаган депутаттардын жоопкерчилиги каралат. Бул тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу комитеттин төрага орун басары Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, комитеттин 13-сентябрдагы жыйынында бул маселе талкууланып, июнь айында жыйынды себепсиз калтыргандардын жоопкерчилиги каралат. Шыкмаматов жаза катары эл өкүлдөрүнүн айлыктарынын бир бөлүгүн кармап калуу сунушталарын кошумчалады.

Буга чейин парламенттин жыйындарына өтө аз депутаттар катышканы коомчулукта сын-пикирлерди жараткан.(BkA)

XS
SM
MD
LG