Линктер

жума, 18-август, 2017 Бишкек убактысы 22:30

Клинтон ден соолугуна байланыштуу Калифорнияга сапарын токтотту


АКШ президенттигине демократтардан талапкер Хиллари Клинтон ден соолугуна байланыштуу Калифорнияга пландалган сапарын токтотту. Дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү ал Лос-Анжелес жана Сан-Францискодо шайлоочулар менен жолукмак.

Клинтон жекшембиде Нью-Йоркто 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардын курмандыктарын эскерүү акциясында өзүн жаман сезип, иш-чарадан кетүүгө аргасыз болгон. Эскерүүгө келгендер тартып алган видеолордо ал автомашинага жакындаганда тең салмактуулугун жоготуп койгонун көрсө болот.

Доктурлардын айтуусунда, ал өпкөсү сезгенип, өткөн жумадан бери антибиотик алып жатат жана абалы жакшырууда. (RK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG