Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Ипотекалык насыя берүүнүн шарттары өзгөртүлдү


Бишкекте курулуп жаткан үйлөр
Бишкекте курулуп жаткан үйлөр

Өкмөт турак жай үчүн ипотекалык насыя берүүнүн шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, эми насыя алуу үчүн жалпы сумманын 30 пайызын төлөөгө каражаты жок болсо, күрөөгө башка нерсе коюуга мүмкүнчүлүк берилет. Ошондой эле батирдин аянтын 80 чарчы метрге чейин чоңойтуу каралган.

Быйыл киргизилген “Жеткиликтүү турак жай” программасына ылайык, 14 пайыздык үстөк менен үч миллион сомго чейин насыя бериле баштаган. Бирок насыя кымбат экенин айтып, арыз бергендердин 10 пайызы ипотекадан кайра баш тарткан. (BkA)

XS
SM
MD
LG