Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

Сирияда ок атышуу келишими бүгүн күчүнө кирет


Алеппо
Алеппо

Сирияда ок атышууну токтотуу боюнча АКШ менен Орусиянын ортомчулугу астындагы келишим бүгүн, 12-сентябрдын кечинде күчүнө кирет. Бул тууралуу 9-сентябрда бир нече апта созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жарыяланган. АКШ менен Орусия бул келишимди Сирияда алты жылдан бери уланып келаткан жарандык согушту токтотуу үчүн эң мыкты мүмкүнчүлүк деп атоодо.

Эгер келишим кеминде бир апта толук сакталса, АКШ жана Орусия "ал-Каида" менен байланышы бар "Жабхат Фатех ал-Шам" согушкер тобуна жана өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топко каршы биргелешкен чабуулдарын баштайт.

Алты жылдан бери Сирияда 250 миңдей адамдын өмүрү кыйылды.

Соңку тынчтык келишими кабыл алынганга карабастан өткөн дем алыш күндөрү эле Алеппо менен Идлиб шаарларында 100гө жакын адам набыт кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG