Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Беларус парламентине 16 жылдан бери алгачкы жолу оппозиция өкүлдөрү да шайланды


Беларус парламентине соңку 16 жылдан бери алгачкы жолу оппозиция өкүлдөрү мүчө болуп кирди. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.

Бириккен жарандык партиянын мүчөсү Анна Конопацкая парламенттин 110 орундуу төмөнкү палатасына депутат болуп шайланды. Ошондой эле "Белорус тили коому" уюмунан Елена Анисим да депутат болгону маалымдалды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 74 пайыздан ашууну катышты.

521 талапкердин 176сы оппозициячыл партиялардан көрсөтүлдү.

Шайлоого Европа Коопсуздук жана келишим уюмунун төрт жүздөй байкоочусу көз салып турду.

Беларуста 1990-жылдардын башынан бери өткөрүлүп келген бир да шайлоону байкоочулар эркин жана демократиялык деп баалаган эмес.

Калкы 10 миллиондой бул мамлекетте бийликке каршы чыккандар жазаланып, маалымат каражаттары катуу көзөмөлгө алынган. (EzK)

XS
SM
MD
LG