Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:00

Кыргызстандык зыяратчылар Мекеде ажылык жөрөлгөлөрүн өтөшүүдө


Кыргызстандан Мекеге ажылык зыяратка кеткен 3685 адам диний жөрөлгөлөрдү өтөшүүдө. Бул тууралуу учурда Мекеде жүргөн Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, зыяратчылардын абалы жакшы. Алардын саламаттыгына 10 дарыгер көз салууда.

Атабаев зыяратчылар учурда Мина өрөөнүндө ажылыктын негизги жөрөлгөлөрүн аткарып, “шайтанга таш ыргытууну” күтүп жатканын кошумчалады.

Алар 17-сентябрдан 3-октябрга чейин учак менен Кыргызстанга кайтышат.

Ушул күндөрү Сауд Аравиянын Мекеге мусулмандардын беш парзынын бири болгон ажылык парзын аткарууда. Быйыл 1,5 миллион адам ажылык зыяратын өтөөдө.(BkA/ZB)

XS
SM
MD
LG