Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:43

ЖКда комитет төрагалыгына Төрөбай Зулпукаровду шайлоо маселеси каралат


Төрөбай Зулпукаров
Төрөбай Зулпукаров

Парламентте 13-сентябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин төрагасын шайлоо боюнча маселе каралат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтында кабарланды. Маалыматка ылайык, комитет төрагалыгына Социал-демократтар фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаровдун талапкерлигин көрсөткөн. Бирок Зулпукаровдун талапкерлигине нааразы пикирлер айтылган.

Комитеттин буга чейинки төрайымы Галина Скрипкина ЕАЭБдин Экономикалык сотуна судья болуп кеткенине байланыштуу мандатын тапшырган эле.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети парламенттин негизги комитеттеринин бири.(BkA)

XS
SM
MD
LG