Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

ЕККУ: Беларустагы парламенттик шайлоо таза өткөн жок


ЕККУ өкүлдөрү шайлоо участогунда. Беларус, 11-сентябрь, 2016-жыл.
ЕККУ өкүлдөрү шайлоо участогунда. Беларус, 11-сентябрь, 2016-жыл.

Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму Беларуста өткөн парламенттик шайлоону эркин эмес жана акыйкатсыз деп баалады. 11-сентябрдагы шайлоо жараянына көз салган миссиянын жетекчиси Кент Харштедттин айтымында, көптөгөн эл аралык шайлоо стандарттарды бузулганы байкалды.

Ал арада Беларус парламентине соңку 16 жылдан бери алгачкы жолу оппозиция өкүлдөрү мүчө болуп кирди. Алар: Бириккен жарандык партиянын мүчөсү Анна Конопацкая жана "Белорус тили коому" уюмунан Елена Анисим.

Шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 74 пайыздан ашууну катышты. 521 талапкердин 176сы оппозициячыл партиялардан көрсөтүлдү.

Төрт жыл мурдагы парламенттик шайлоого оппозиция өкүлдөрү жараян таза өтпөсүн жүйө келтирип катышпай койгон. (RK)

XS
SM
MD
LG