Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:49

Таласта Чыңгыз Айтматовдун мемориалдык комплекси курулат


Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мемориалдык комплекси ал туулуп-өскөн Шекер айылында курулат.

Бул тууралуу «Чыңгыз Ордо» коомдук бирикмесинин директору Сейдиакбар Исмантаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, комплекстин жалпы аянты 22 гектар болот. Анын ичинде Айтматовдун эстелиги, 200 орундуу жыйындар залы, тамактануучу жай, 50 кишилик мейманкана жана саламаттыктык чыңдоо борбору, зыярат кылуучу жай салынат. Аталган комплексти куруу демилгеси 2013-жылы Айтматовдун 85 жылдыгын белгилөө учурунда көтөрүлүп, макеттери даярдалган. Бирок бөлүнгөн жердин 11 гектары айдоо аянты болгондуктан, комплексти курууга мыйзам жол берген эмес:

- 2009-жылы айдоо жерлерге музей курулбайт деген мораторийге маданият объекттер кирбей калган. Азыр комплексти мамлекеттик тарыхый, маданий жана ден соолукту чыңдоочу «Чыңгыз ордо» борбору деп атадык. Мурунку план боюнча беш объект болсо, учурдагысына дагы эки объект коштук. Ошону менен мыйзамдаштырылып, курулушту баштоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Шекер айылында жарыкка келип, 2008-жылы 10-июнда көз жумган. (NT/AlS)

XS
SM
MD
LG