Жогорку Кенештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында Улуттук онкология борборунун ишин иликтеген жумушчу топ корутундусун жарыялайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Аталган борборго байланышкан чыр эки жылдан бери уланып келет. 2014-жылы Республикалык онкология борборунда орун, дарыгер жана дары-дармек жетишпей турганы ачыкка чыккан. Балдар бөлүмүндө жыйырма жылдан ашуун жалгыз дарыгер жана бөлүм башчы болуп иштеп келген профессор Дамира Байзакова рак илдетинен каза болгон балдардын ата-энелеринин арызы менен бөлүм башчылык кызматтан алынган. (NT)
Онкология борборуна байланышкан иликтөөнүн жыйынтыгы талкууланат
