Линктер

жума, 18-август, 2017 Бишкек убактысы 09:11

Бишкекте БУУнун адам укуктары боюнча декларациясы талкууланууда


Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана улут аралык мамилелер агенттигинин жетекчиси Бакыт Рысбаев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, бүгүн Бишкекте БУУнун адам укуктары боюнча декларациясы талкууланып жатат.

Ага Кыргызстанда иш жүргүзгөн бейөкмөт уюмдар, жарандык коом, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, активисттер чакырылган.

Анда өлкөдөгү адам укуктарынын абалы, улуттук азчылыктар, расалык дискринимация, аялдардын укуктары, сексуалдык азчылыктардын зордук-зомбулукка кабылганы, кыйноолордун жайылышы тууралуу маселелер көтөрүлөт. (NT)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG