КМШга кирген өлкө башчыларынын саммити 16-сентябрда Бишкекте өтөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усенов “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтымында, учурда Кыргызстан бул уюмга төрагалык кылып жаткандыктан атайын концепция иштелип чыккан.
Саммитке Орусия, Армения, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Беларус президенттери келери күтүлүүдө. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги 1991-жылы түзүлгөн. Бишкек саммити уюмдун 25 жылдык маарекесине туш келүүдө. (UEz)