Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Медет Садыркуловду өлтүрдү деп сыртынан соттолгон Рустам Сайдуевдин агасы кармалды


Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркуловду өлтүрдү деп сыртынан соттолгон Рустам Сайдуевдин агасы маңзат менен колго түштү. Бул тууралуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, С.А. Чүйдүн Новопокровка айылында колго түшкөн. Үйүн тинтүүгө алганда 7,5 килограммдан ашык маңзат табылган.

С.А. 1980-жылы туулган Казакстандын жараны. Анын бир тууган иниси Рустам Сайдуев Садыркуловду өлтүрдү деп сыртынан соттолгон, учурда Интерполдун издөөсүндө. Айрым маалыматтарда ал Беларуста Жаныш Бакиевдин жанында экени айтылып келет. (UEz)

XS
SM
MD
LG