Тиешелүү жарлыкка армян президенти Серж Саргсян 13-сентябрда кол койду.
Карен Карапетяндын талапкерлигин парламенттеги башкаруучу Республикалык партиясынын аткаруучу органы жактырган.
53төгү Карапетян 2010-2011-жылдары Ереванда мэр болгон. Андан соң орусиялык “Газпром” компаниясында жетекчилик кызматтарда иштеген.
Июль айында Еревандагы полиция имаратын куралдуу оппозиция басып алып, бир катар талаптарды койгон. Ошондон кийин, 1-августта президент Саргсян улуттук ынтымак өкмөтүн түзүү керектигин айткан.
Мурдагы өкмөт жетекчиси Овик Абрамян президентке жаңы өкмөт куроого мүмкүндүк берүү зарылдыгын белгилеп, 8-сентябрда кызматынан кеткен.