Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Оторбаев: “Кордай” бекетиндеги шарттар жакшыра баштады


Кыргыз-казак чек арасы буга чейин
Кыргыз-казак чек арасы буга чейин

Акыйкатчы Кубат Оторбаев “Кордайдагы” өткөрмө бекетте тосмолор алынып, жарандардын эркин кирип-чыгуусу үчүн шарттар түзүлө баштаганына өзү күбө болгонун “Азаттыкка” маалымдады.

Ал муну буга чейинки өзү жасаган кайрылуунун акыбети катары баалап жатат.

Кубат Оторбаев буга чейин Кордайдагы оор жагдай боюнча өлкө президенти Алмазбек Атамбаевге жана казакстандык кесиптеши Аскар Шакировго кайрылуу жолдогон. Аталган кайрылууда кыргыз-казак чек ара өткөрмө бекетинде жарандар үчүн шарттар түзүлбөгөнү, ары-бери өтүүдө адам укуктары бузулары айтылган.

Оторбаевдин бул кайрылуусунан соң Казакстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аскар Шакиров өткөрмө бекеттеги абалды жакшыртуу боюнча иштер башталганын билдирген.

Кыргызстан 2015-жылдын 12-августунда Евразия экономикалык биримдигине толук мүчө болгон. Мындан кийин Казакстан менен болгон чек арадагы тосмолор алынары айтылып, бирок ишке ашкан эмес. (UEz)

XS
SM
MD
LG