Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

Парламент комитети жемкорлукту ашкерелеген жарандарды сыйлоо мыйзамын жактырды


Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук жана укук тартиби комитети коррупциялык кылмыш тууралуу маалымат берген жарандарды сыйлоо боюнча мыйзамды жактырды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын айтымында, жемкорлук фактысын ашкере кылган жарандарга талап кылынган паранын 30 пайыз өлчөмүндөгү акча сыйлык катары берилет.

Өкмөт коррупция тууралуу кабар берген жарандарды сыйлоого акча жок экенин айтып каршы чыккан. Бирок долбоорду парламент комитети экинчи окууда колдооого алды.

XS
SM
MD
LG