Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:32

Баш мыйзамга cунушталган өзгөртүүлөр боюнча эксперттик топтун иши бүтө элек


Кыргызстан Конституциясы.
Кыргызстан Конституциясы.

Парламенттеги КСДП фракциясынын лидери, депутат Иса Өмүркуловдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр парламенттин кароосуна кийинки аптада же эки жумадан кийин коюлушу мүмкүн. Азыркы тапта өзгөртүүлөрдүн үстүнөн тилчилер жана юристтерден турган эки эксперттик топ иштеп жатат.

- Муну жаңы вариант деп айтууга болбойт. Анткени бул кошумча-алымчалар. Баш мыйзамдын кыргыз тилиндегиси менен орусча котормосунун ортосунда катачылыктар бар болчу. Эки тилде тең так болушу үчүн эксперттер тартылган.

27-июлда парламенттеги КСДП, “Республика - Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана "Бир бол" фракцияларынын лидерлери Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун өз ара макулдашып, ал коомдук талкууга коюлган. Баш мыйзамды өзгөртүүгө оппозициялык күчтөр, жарандык коом, Убактылуу өкмөттүн бир катар мүчөлөрү каршы чыгып, бул аракет бийликти узурпациялоого кептей турганын айтып келишет. (NT)

XS
SM
MD
LG