Бириккен Улуттар уюмунун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура 13-сентябрда Женевадагы маалымат жыйында ок атышууларды убактылуу токтотуу жараянынан кийин биринчи суткада эле карапайым элдин арасындагы курмандыктар кескин азайганын билдирди.
- Азыр Алеппо шаарынын козголоңчулар көзөмөлдөгөн райондоруна гуманитардык жүк жеткирүү милдети турат,- деп айтты Стаффан де Мистура.
Ал арада расмий Дамаск Алеппонун көтөрүлүшчүлөр турган райондоруна өзүнүн уруксатысыз жүк жеткирүүгө жол бербей турганын эскертти.
Сириядагы убактылуу элдешүү жараяны 12-сентябрдын кечинде күчүнө кирген. Келишим АКШ жана Орусиянын ортомчулугу менен ишке ашкан. Ок атышпоо режими бир жума бузулбай сакталса, АКШ жана Орусия Сириядагы "Жебхад Ан-Нусра" фронту жана “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы биргелешкен аба соккуларын баштамакчы. Тынчтык келишими аталган эки топко тиешелүү эмес. Алты жылга жакындаган Сириядагы жарандык согуш 250 миңдей адамдын өмүрүн алды.